super.kg logo

Алтынга болгон баанын өсүшү: Кыргызстанда андан кантип акча тапса болот?

 

Эксперттер алтынга болгон баанын кымбаттай турганын божомолдошууда. Баалуу металлдардан акча табуу үчүн сөзсүз эле куймаларды сатып алуу керек эмес – алтынга инвестицияны “Бакай Банктагы” ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсеп аркылуу да кылсаңыз болот.

Каржылык басылмалардын көңүлүн коронавирус пандемиясы жана дүйнөлүк экономиканын кыйрашы менен байланышкан алтындын баасынын өзгөрүшү ээлеп турат.

2020-жылдын башынан тартып август айынын башына чейин алтындын баасы 30 пайыздан ашыкка кымбаттады. Муну менен алтындын баасы 2011-жылдан бери тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, бир трой унциясы эки миң АКШ долларынан ашты.

Кийинчерээк металлдын баасы төмөндөй баштады, бирок айрым талдоочулар кийинки алты айдан беш жылга чейинки убакта баанын мындан да кымбатташын айтышууда.

Ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсеп:

Үнөмдөгөн акчаңыздын бир бөлүгүн алтынга, платинага же күмүшкө жумшоо үчүн ири суммадагы инвестицияларды кылуунун же куймаларды сатып алуунун кажети жок. Ал үчүн “Бакай Банктан” ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепти ачуу жетиштүү.

Мындай эсептин артыкчылыгы:

* Сатуу-сатып алууда НДС алынбайт,

* Металлдарды сактайм деп түйшүк тартпайсыз,

* Дүйнөлүк котировкага жакын баада, курс боюнча оңой сатуу жана сатып алуу,

* Эсептин мөөнөтү жок – эч кандай кайра каттоо жок,

* 0,1 грамм алтын, платина же 1 грамм күмүш менен деле баштаса болот,

* Элкарт төлөм картасы эсепте 3 грамм алтын болгондон баштап акысыз берилет,

* Эсепте турган баалуу металлдарды “Бакай Банкынан” насыя алууда күрөө катары койсо болот.

Эсепти Bakai24 тиркемеси аркылуу текшерип турса болот, валюта алтын, күмүш же платина болуп көрүнөт - XAU, XAG же XPT.

“Бакай Банк” баалуу металлдардын наркынын өзгөрүшү боюнча божомолдорду билдирбейт. Бирок инфляциядан коргонуу үчүн аманатыңызды диверсификациялоочу курал катары болжолдоолор жөнүндө маалыматты изилдөөнү жана ээси көрсөтүлбөгөн металлдык эсепти карап чыгууну сунуштайт.

6111 номери аркылуу (мобилдик телефондон) дароо кеңеш алсаңыз болот (күнү-түнү).
+996 554 006 111 (WhatsАpp)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.09.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башты айлантпагылачы, ошол акчалар болгондо өзүбүз да билет элек кантип сакташты
aitowa11 түзөттү 2020-09-13 22:29:51
13.09.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошону айтсаң. Биякта банк эле акылдуу, калган адамдар келесообу. Оозу кыйшык болсо да ,байдын уулу сүйлөсүн болуп жатат.
14.09.2020. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 тонна алтыным бар эле сатпай койо турат окшойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: