super.kg logo

Премьер-министр айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөрүн айтты

 

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы сүттү кайра иштетүүчү "Чаткал Эко Сүт" ишканасынын иши менен таанышкан учурда билдиргенин өкмөттөн кабарлады.

Ишкана коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен экономикалык жигердүүлүк солгундагандан бери аймакта ишке киргизилген алгачкы өндүрүш. "Чаткал Эко Сүт" 1-августта ишке берилген. Учурда бышырылган сүт, быштак, каймак, кефир, сыр, йогурт чыгарылат. Ишкананын суткасына 3 тонна сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Өкмөт башчы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

"Президенттин аймактарды өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү колдоо боюнча саясатына ылайык, "Ишкердик субъектилерди каржылоо", "Айыл чарбасын каржылоо – 8" сындуу программалар иштеп жатат. Бул долбоорлор боюнча чакан жана орто ишкерликке жеңилдиктер каралган. Өкмөт кайра иштетүү тармагына чоң көңүл бурууда", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Учурда "Чаткал Эко Сүт" ишканасы Чаткал районунун жергиликтүү тургундарынан сүт азыктарын сатып алууда. Ал эми даяр продукция аймактагы кен казган фирмаларга жана жергиликтүү тургундарга сатылууда.

Премьер-министр ишкана жетекчилиги менен өндүрүштү жолго салууда келип чыккан маселелер, кубаттуулугун кеңейтүү жана продукцияны экспортко чыгаруу маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүшкө максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү, кайра иштетүү тармагына ыңгайлашуусуна шарт түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: