super.kg logo

Өкмөт башчы жолдорду сапаттуу реконструкциялоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов ирригация тармагын өнүктүрүү – өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин айтты. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышкан учурда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча канал ишке берилсе Аксы районундагы Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга мүмкүндүк пайда болот, анын ичинде 4 миң 700 гектарында суунун муктаждыгы жоюлат.

Келечекте 2 миң 200 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң Беш-Батман каналынын уландысы болот. Бул калкты сугат суу менен камсыз кылууда келип чыккан маселелерди чечет.

"Ирригацияны өнүктүрүү – өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын сап башында турат. Президент дагы бул маселеге өзгөчө көңүл бурууда. Анткени ирригация тармагындагы маселелерди чечүү аймактарды өнүктүрүүнүн негизин гана түзбөстөн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну шарттайт", - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер- министр Кербен шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун жүзөгө ашырылышы боюнча маалыматтарды укту.

Кербен шаарынын ичүүчү суу системдери эскирип калгандыгына байланыштуу 2 суу топтоочу жай калыбына келтирилип, узундугу 66 чакырым келген суу түтүгү тартылды.

Мындан тышкары Кербен шаарына узундугу 10,2 чакырым болгон магистралдык суу түтүктөрүн орнотуу пландаштырылган.

Өкмөт башчы Аксы районунун борбору Кербен шаарында реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жолдун абалы менен таанышты.

Учурда Кербен шаарынын Таш-Дөбө көчөсүндө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Өкмөт башчы президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгесине ылайык, райондордун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп жатканын эске салып, жолдорду сапаттуу реконструкциялоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: