super.kg logo

Ички иштер министри Нарын ОИИБине шайлоого карата коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктарды көрүүнү тапшырды

 

Кечээ, 11-сентябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусундагы милициянын иши менен таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Нарын ОИИББинин ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

"Жыйындын жүрүшүндө шайлоо учурунда Нарын облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшүнө саресеп салып, ошондой эле өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо боюнча бир катар талаптарды коюп, ага жетекчилери жоопкерчиликтүү экендигин эскертти.

Ошондой эле министр шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго токтолуп, ар бир милиция кызматкери аны так билип жана кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык иш жүргүзүүнү талап кылды. Ушул багытта Нарын ОИИБинин башчысы Улан Аалиевге окутууларды кошумча өткөрүү керектиги боюнча тапшырмаларды берди", - деп жазылат маалыматта.

Андан соң Нарын облустук милициясы үчүн курулуп жаткан Нарын шаарындагы жаңы турак жайдын курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып, жетекчилерге сапатына жана өз убагында аяктоого өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырды. Жаңы курулуп жаткан турак жайдын алдында Нарын облустук милициясынын ардагерлери менен жолугуп, маектешип жана аларды кызыктырган суроолоруна жооп берүү менен бирге, коомдук тартипти сактоодо кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында Нарын шаарынын, Нарын, Кочкор райондорунун ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, өздүк курам менен жолугуп, мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо керектигин эскертти", - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: