Президент алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөрүн белгиледи
Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөрүн белгиледи. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар. Ушул партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар. Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Буга байланыштуу президент коомчулук шайлоо процессине сөзсүз көңүл бурарын, күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөрүн белгиледи.
Ошондой эле президент саясий партиялар саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу эң негизги күч экенин баса белгиледи.
