Премьер-министр: "Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт"










Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эти Бакыр Терексай" ишканасында 702 адам иштейт. Анын 96 пайызын жергиликтүү эл түзөт. Жылына төлөөчү салыктын көлөмү 1 миллиард сомду түзөт.
Кубаттуулугу: жылына 1 миллион тонна руда иштетет. Учурда алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши жүрүп жатат. Ал ишке берилген соң алтын жана күмүш куймасы чыгарылат.
Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү: мышьягы бар кенди кайра иштетет.
Муну менен катар ишкананын калдык сактоочу жайын куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.
Премьер-министр мамлекет жана өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаратылышка аяр мамиле кылууну, бардык экологиялык талаптарды сактоону өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
"Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Тагыраак айтканда, бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөл боюнча элге маалымат берип туруу шарт. Бул жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
