Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылында курулуп жаткан мектеп жылдын аягына чейин колдонууга берилет
Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы №5 жалпы орто билим берүүчү мектептин курулуп жаткан жаңы имаратын көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Орто мектептин эски имараты 1982-жылы 192 окуучуга ылайыкталып курулган. Учурда билим берүү жайы кооптуу абалда, ошондой эле элдин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу балдар мектепке батпай жатат. Азыр 473 окуучу билим алууда.
Жалпы билим берүү мекемесинин жаңы имараты донорлордун каражатынын эсебинен курулууда. Планга ылайык, 2020-жылдын 1-декабрында колдонууга берилет. Долбоор боюнча ашкана, спорт зал, китепкана жана чоң зал каралган.
Премьер-министр мектептин жаңы имараты колдонууга берилгенде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча программаны ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле өкмөт башчыга билим берүү мекемесинде санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Ы.Чангылов атындагы №5 орто билим берүү жайында санариптештирүүнүн негизинде электрондук китепкана киргизилген. Интернетке туташтырылган, компьютердик техникалар жетиштүү. Электрондук күндөлүккө өтүү боюнча даярдык көрүлүүдө.
Премьер-министр иш сапардын алкагында Аксы районунун Торук айылындагы бала бакчанын дагы курулуш ишин көрдү.
Чек арага чектеш статусу бар Торук айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Курулуш иштери 100% аяктады. 2020-жылдын 20-сентябрында колдонууга берилет. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.
"Өкмөт мектеп жашына чейинки балдардын бала бакчага баруусун камсыз кылуу максатында жаңы имараттарды куруу, башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткендерин кайтарып алуу жана эскилиги жеткендерин оңдоп-түзөө боюнча жигердүү иштеп жатат. Муну менен катар мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары иштелип чыкты. Ошол заман талабына шайкеш келген программа алыскы аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына дагы жеткиликтүү болушу керек", - деди Кубатбек Боронов.
