super.kg logo

Өкмөт башчы банктар айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүшү керектигин айтты

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Финансылык уюмдар аймактарды өнүктүрүүгө, айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарында Аксы районунун Кербен шаарындагы "РСК Банкынын" өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган учурда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

"Банктын имаратынын алдында турган тактачада мамлекеттик программаларды каржылоонун жол-жобосу так, түшүнүктүү жазылып турушу керек. Бул иштер банктын филиалында жетиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Жөнөкөй жаран банкка келип, мисалы, "Айыл чарбасын каржылоо - 8" программасынын алкагында берилүүчү насыя алайын десе, кайсы документтерди топтоо керектиги боюнча элементардык маалымат көрүнбөйт. Ушундай майда нерселер жарандардын нааразычылыгын жаратат", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр кеңседеги санариптештирүү багытындагы иштерге карата сын айтты.

"Президенттин демилгеси менен жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү алуусуна шарт түзүү үчүн санариптештирүү саясаты активдүү жүрүүдө. Бюрократияны азайтуу, коррупцияны алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз, жетекчилерден бул боюнча маалымат алганыбызда баары жакшы дешет. Бирок күтүүсүздөн текшере келгенде кемчиликтер чыгууда", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик программалардын алкагында насыя алуучулардан талап кылынуучу документтердин үчөө гана кагаз түрүндө, калганы "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынат.

Өкмөт башчы бул шарттарды банкка келген насыя алуучуларга так түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: