super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 28 миллион 660 миң 123 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 13-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 28 миллион 660 миң 123 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 19 миллион 349 миң 23 бейтап айыгып чыкса, 919 миң 81 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 482 миң 523 адамдан коронавирус аныкталды. 193 миң 670 адам каза болсо, 2 миллион 434 миң 658 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 659 миң 984 адамдан аныкталды. 77 миң 472 адам каза болсо, 3 миллион 642 миң 196 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 315 миң 687 адам вируска кабылган. 131 миң 210 бейтап көз жумса, 3 миллион 723 миң 206 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: