super.kg logo

Президент: "Санариптештирүү - коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү - коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы экенин айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүүгө жасалган негизги басым менен катар борбор шаардын маселелери ар дайым көңүл борборунда экенин белгиледи.

Президент борбор шаарды санариптештирүү катуу көзөмөл астында жүрүп жатканын, Бишкектеги ооруканаларды, калкка кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерди санариптештирүү иши түздөн-түз жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар шаардыктардын турмушундагы бюрократияны, күнүмдүк түйшүктү азайтып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп, жашоосун жакшыртууга кеңири камкордук болорун белгиледи.

"Өткөндө дагы айткам, биз баарын камап же каякта коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз. Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт коё алабыз. Санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талапты катуу коюп жатам", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: