Президент мурда менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтаруу боюнча Бишкек мэриясына жардам берилип жатканын айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков мурда менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтаруу боюнча Бишкек мэриясына жардам берилип жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 12-сентябрда "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Бул иш ордунан оңой жылган жок. Бул да чоң карама-каршылык менен болду. Бишкектеги жер бөлүү коррупциянын чоң очогуна айланган маселе. Элибиз үчүн эң керектүү эс алуу жайларынын, социалдык объектилердин, парк зоналарынын жерлери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Ошону кайтаруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Бишкек мэриясына ар тараптуу жардам берилип, анын ичинде саясий жактан колдоо көрсөтүлүп жатканын, чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан жерлерди кайтарууга мэриянын өзүнүн күчү жетпей турганын белгиледи.
"Жер берүү, жогоруда айтып кеттим, коррупциянын чоң очогуна айланган. Бирок эбегейсиз каршылыкка карабай жерлерди шаарга кайтарып жатабыз. Ошол жерлерге элге кызмат кыла турган парктарды куруп жатышат. Былтыр көрдүңүздөр, 10 гектарга "Ынтымак" паркы курулду. Быйыл "Чолпонбай Түлөбердиев" атындагы паркты ачтык. Ал 11 гектар жерди ээлейт. Дагы бир жаңы паркыбыз ачылды, "Адинай" деп атоону сунуштадык. Анын аянты 13 гектар жер. Дагы 4 парк курулуп жатат, жалпы аянты 30 гектар жерден ашат. Бул иштин баары - шаарыбыздын тургундарына, келечек балдарыбызга көрүлгөн камкордук", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент мындай иштер Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында, мисалы, Ош шаарында дагы жүрүп жатканын белгиледи.



1 |