super.kg logo

Коронавирус менен сасык тумоонун айырмасы кандай? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

 

Коронавирус менен сасык тумоонун айырмасы кандай? Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Анда маалыматтар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып жазылган.

Эки оору тең респиратордук жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Бирок вирустук козгогучтар жана алардын таралышы жагынан бир топ айырмачылыктары бар. Ага жараша коомдук саламаттыкты сактоо тарабынан аткарылышы керек болгон иш-чаралардын өзгөчөлүктөрү аныкталат.

СOVID-19 менен сасык тумоону козгогучтардын кандай окшоштуктары бар?

Биринчиден, COVID-19 менен сасык тумоо окшош клиникалык көрүнүшкө ээ. Тагыраак айтканда, эки вирус тең белгилери байкалбаган, жеңил, оор, ал тургай өлүмгө дуушар кылган респиратордук илдеттерди козгоочу болуп саналат.

Экинчиден, эки вирус тең аба тамчысы, адамдан адамга байланыш же буюм-тайым аркылуу адамдын организмине кирип, ооруну козгойт. Мындан улам коомдук саламаттыкты сактоо тарабынан эки илдетке каршы окшош талаптар коюлат. Мисалы, жеке гигиенаны сактоо, колду таза кармоо, респиратордук этикетти сактоо (жөтөлүп, чүчкүргөндө мурунду же оозду колдун чыканагы менен жабуу же бир жолу колдонулуучу нымдуу бет аарчы менен тосуу).

COVID-19 жана сасык тумоону козгогучтардын айырмасы эмнеде?

Эки илдетти козгогучтардын негизги айырмасы - инфекциянын бат тараганына байланыштуу. Сасык тумоонун орточо инкубациялык мөөнөтү (инфекцияга кабылып, оорунун белгилери байкалганга чейинки убакыт) жана генерация убагы (эки адам ортосундагы оору чыккан убакыт) аз. Адистердин баамына ылайык, COVID-19 илдетинин генерация убагы 5-6 күнгө созулат. Сасык тумоо 3 күндүн ичинде байкалат. Демек, сасык тумоо COVID-19га салыштырмалуу бат тарайт.

Мындан тышкары, сасык тумоонун жайылышында маанилүү элементи болуп оорунун алгачкы 3-5 күнү болуп эсептелет. Бул нерсе оорунун белгилери пайда болгонго чейинки мөөнөт аралыгы, башкача айтканда, оорунун белгилери пайда болгонго чейин бейтаптын илдети жугуштуу болот. Башка жагынан алганда, айрым COVID-19 менен ооруган бейтаптар, оорунун белгилери 24-48 саат башталардан мурун вирусту сыртка бөлүп чыгарып башкаларга жуктурушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар бар болсо дагы, учурда илдеттин жайылышында мындай нерсе маанилүү ролду ойнобойт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID-19 илдетине кабылган 10 бейтап 20-25 кишиге оору жуктурушу мүмкүн. Бул сасык тумоого салыштырмалуу көп.

Бирок COVID-19 менен сасык тумоонун козгогучтарынын өзгөчөлүктөрүнө конкреттүү жагдайга жана убакытка жараша баа берилет. Мындан улам экөөнү түз салыштыруу дайыма эле туура боло бербейт.

Сасык тумоону калкка жуктурууда балдардын салымы өтө чоң роль ойнойт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, COVID-19 илдетине балдар чоңдорго караганда аз кабылат: 0-19 жаш курагында балдар арасында оорулуулардын көрсөткүчү өтө төмөн болуп саналат. Мындан тышкары, Кытайда жүргүзүлгөн үй-бүлөлүк сурамжылоолордун алдын-ала маалыматтарына ылайык, чоңдор COVID-19 балдардан жуктуруп алгандарын көрсөтөт.

Эки оорунун тең белгилери окшош экендигине карабастан, илдет оорлошуп кеткен учурларынын үлүшү ар башка. Маалыматка ылайык, COVID-19 учурунун 80 пайыз жеңил же симптомсуз, 15 пайызы оор, кычкылтек терапиясын талап кылат жана 5 пайыз учурлар өтө оор жана жасалма дем алдырууну талап кылат. Сасык тумоого караганда, илдеттин оор жана өтө оор түрлөр үлүшү жогору болуп саналат.

Сасык тумоо менен ооруп калуу тобокелчилиги жогору тобуна – балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар, өнөкөт оорусу бар жана иммунитети начар адамдар кирет. COVID-19да, учурдагы маалыматка ылайык, илдет оорлошуп кеткенге жашы өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп эсептелет.

COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчү сезондук тумоого караганда жогору болушу мүмкүн. Чыныгы өлүм көрсөткүчү учурда так эмес аныкталган, бирок болгон маалыматтарга ылайык, өлүм (башкача айтканда, катталган оорулуулардын санына салыштырмалуу өлүмдүн саны) 3-4 пайызы түзөт, ал эми инфекциядан каза болгондордун үлүшү (жугуштуу оорулардан каза болгондорго салыштырмалуу өлгөндөрдүн саны) андан дагы төмөн. Сезондук тумоонун өлүмүнүн көрсөткүчү адатта 0,1 пайызга чейин барат. Бирок бул учурда өлүм деңгээли медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана анын сапатына жараша болот.

COVID-19ду жана сасык тумоону дарылоо үчүн кандай медициналык ыкмалар колдонот?

Учурда Кытайда бир катар дары-дармектер клиникалык сыноодон өтүп жатат жана COVID-19га каршы 20дан ашуун вакцина иштелип чыгууда, бирок учурда атайын дары-дармектер жана вакциналар жок. Экинчи жагынан, сасык тумоону дарылоодо вируска каршы дары-дармектер жана вакциналар бар. Сасык тумоого каршы вакцина COVID-19га каршы натыйжасыз, бирок сасык тумоонун алдын алуу үчүн жыл сайын эмдөө жүргүзүү сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: