Ош шаарында бир коомдук тамактануу жайына, бир катар соода түйүндөрүнө административдик чаралар көрүлдү





Ош шаарынын Жапалак администрациясы тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Рейддик иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынын, ветеринардык кызматынын, Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын, укук коргоо органдары менен кызматтарынын өкүлдөрү, Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, салык кызматынын, шаардык мэриянын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө соода жана тейлөө объектилерин, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук тамактануу жайларда, соода түйүндөрдө, транспортто социалдык дистанция жана беткап тагуу эрежелерин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чаралардын алкагында жоопкерчиликсиз иш алып барып жаткандарга карата тиешелүү протоколдор түзүлдү. Жалпысынан бир коомдук тамактануу жайына, бир катар соода түйүндөрүнө жана эт азыктарын сатуу объектисине административдик чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, Западный кичи районунда коомдук транспортто санитардык талаптардын сакталышына текшерүү жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nemo2016

14.09.2020. 10:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого чогулса боло берет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.