super.kg logo

Кытай Кыргыз өлкөсүнө 100 өрт өчүрүүчү унаа берүүнү пландоодо. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери долбоорго кол коюшту

 

Кытай мамлекети Кыргыз өлкөсүнө 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 13-сентябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытай Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолукту.

Анда министр Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоолору үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашырылышы аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлорду иш жүзүндө алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине да токтолушту.

Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышына канааттануусун билдиришти. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары айтылды, ал Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү кызыктыруу үчүн дегеле негизги кадам болуп саналат.

"Макроэкономикалык кырдаалга коронавирустук инфекциянын терс таасири тийип жаткандыктан министр өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү маселесине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Сапардын алкагында "Кыргыз Республикасынын ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын бекемдөө" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө эки мамлекеттин ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.09.2020. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ордуна эмнени берип атасыңар. Бекер эч ким эч нерсе бербейт да
14.09.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки баласын бага албаган уй булоого,он беш баласын багып жаткан уй булоо,жардам жана карыз берип келет.
14.09.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким ким бирок кытай эч качан бекер бербейт, 100 орт очуруучу унаанын ордуна 100 эсе кымбат нерсе алып жатса керек биздин элиталардан
14.09.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын ото кучтуу чоон пландары бар максаты Кыргызыстанга отуу андан ары Салам Туркистан болотта!!
14.09.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо дагы канча карыз болуп жатабыз?
14.09.2020. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BarsBaatyr,11 млн евро
14.09.2020. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче мындай чечим биринчи кытай тараптан чыкты болуш керек. Соодагер товарына кардар издегендей эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: