super.kg logo
  Саясат  

Депутат: Кадамжай сурьма комбинатындагылар иш таштап, 4 күндөн бери жумушка чыга элек

 
Баткендеги Кадамжай сурьма комбинатындагы жумушчулар иш таштоого барышканын ЖКнын 19-сентябрдагы жыйынында вице-спикер Чолпон Султанбекова айтты. Депутат билдиргендей, жумушчулар 16-сентябрдан бери ишке чыгыша элек. "Алар комбинаттын жектекчилигине ишканадагы экологиялык жана кайра түзүү маселелерди чечип берүү талабын коюшууда. Учурда ишканада экологиялык норма сакталбайт. Таштанды калдыктарды атайын жайга эмес, комбинаттын ичине төгүшүүдө",- деди Султанбекова. Мунун айынан комбинатка жакын жайгашкан айылдарда ар кандай жугуштуу оорулар көбөйүп, жаш балдар жабыркап жатканын айтты ал.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: