super.kg logo

Баткенден Ысык-Көлгө эс алууга барган медицина кызматкерлери эс алуучу жайдын шарттарына нааразы

 

10-сентябрда Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишкен. Ак халатчандар эс алуучу жайдагы шарттарга нааразы экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова жазып чыкты.

Анын айтымында, бир күн мурда эс алууга кеткен дарыгерлерден телефон чалуу болгон.

"Медицина кызматкерлери эс алуучу жайдагы шарттар жийиркеничтүү экенин, аны атайын уюштурулган маданий эс алуу жайы деп айтуу кыйын, тамак-ашы начар, азык-түлүк сатып ала турган жай да жок экенин айтышты. Эс алууну уюштурган чиновниктер баткендиктерге ушундай болот дешкен окшойт!

Дарыгерлер эс алуучу жайдын шарттарын видеого тартып жөнөтүүнү убада кылышкан, бирок, менин оюмча, алар батына алышпайт, анткени алар жазаланып, иштен айдалышат же "эң жакшы" учурда элден кечирим суроого аргасыз болушу мүмкүн. Бирок баткендиктер биздин берметибизге сейрек барышат. Баатыр дарыгерлерибизге татыктуу эс алууну адамгерчилик жана урмат менен уюштуруу мүмкүн эмеспи?!" - деген ал билдирүүсүндө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын, расмий маалымат берилерин кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.09.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде Демократиянын жыты деле калбаптыр элди Губернатор уруп тепкилеп унежайт этип ататымыш Ото жаман бандитин агасы экен элдерге байлага налокторду салып канын шоруп атат экен! Экинчи жагынан Тажиктер деле тынч уйку бербей атат экен! Окмот текшерип козомолдоп койгулачы эл кыйналыптыр Эркин олкодо кордук коргон эл экен!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: