Баткен облусунда кадимки режимде иштеп жаткан 2 көмөкчү мектеп интернатына мониторинг жүргүзүлдү






Баткен облусунда кадимки режимде иштеп жаткан 2 көмөкчү мектеп интернатына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкүлдүн орун басары Чынар Саттарова учурда реалдуу режимде иштеп жаткан Кадамжай районундагы Үч-Коргон жана Сүлүктү шаарындагы атайын билим берүүчү көмөкчү мектеп интернаттарынын абалынан кабар алган.
"Ал пандемия шартында балдардын коопсуздугун камсыз кылууда зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн жергиликтүү бийлик жана мекеменин жетекчилиги чогуу иш алып баруусу керектигин баса белгиледи. Мектептер жаңы окуу жылына карата санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, реалдуу режимде ишин баштаган.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталып, уктоочу бөлмөлөр, окуу бөлмөсү, ашкана дайыма залалсыздандырылып турат. Дарыгерлер тынымсыз балдардын дене табын өлчөп, алардын саламаттыгына көзөмөл жүргүзүлөт. Үч-Коргон атайын билим берүүчү көмөкчү мектеп интернатында 102 бала тарбияланса, Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп интернатында 85 бала реалдуу режимде окуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
