super.kg logo

Жер ресурстар башкармалыгы жер участогуна ижара төлөбөй жүргөн ишкерлерге айып салды

 

Мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы жер участогуна ижара төлөбөй жүргөн ишкерлерге айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта мэриянын Жер ресурстар башкармалыгынын тобу ижара акысын узак убакыттан бери төлөбөй жүргөндөргө мезгил-мезгили менен рейддерди жүргүзүп турары айтылат.

"Алсак, ижарачылардын бири Д.Б. Профсоюз жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянты 324 чарчы метр болгон жер участогун пайдалангандыгы үчүн 2019-жылдын экинчи кварталынан бери ижара акысын төлөбөй келген. 2020-жылдын үчүнчү кварталын эске алганда, карызы 300 миң 548 сомду түзөт.
Мындан тышкары бул жер тилкесинде унаа жуучу жай уюштурулганы маалым болду, бирок ижара келишими боюнча бул жерде унаа токтотуучу жай болушу керек эле, бул дагы ижара келишимин бузгандык болуп саналат. Жер ресурстар башкармалыгы ижарачыга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлаган.

Ошондой эле Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер участогунун ижарачысы Р.С. аттуу жаран узак убакыттын бери муниципалдык жер участогун пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй келген.

2011-жылы курулуш материалдар базарын куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Р.С.га аянты 513 чарчы метр жер участогу берилген. Азырынча базардын өзү жок, курулуш иштери башталган.
Ижарачы 2011-жылдан бери жерди пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй келген жана шаарга карызы 9 миллион 827 миң 657 сомду түзөт. Ошондой эле Жер ресурстар башкармалыгы ижарачыга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлаган", - деп айтылат маалыматта.

Жер ресурстар башкармалыгы эскертет! Карызын төлөбөгөн учурда комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: