Баткен облусунда ички жолдорду асфальттоо жумуштары уланууда








Баткен облусунда ички жолдорду асфальттоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Ак-Таш участкасындагы узундугу бир чакырымга жакын болгон Эргеш Калыков көчөсүнө асфальт төшөлүп бүттү.
"Шаарда ушуну менен экинчи чоң көчөгө республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлдү. Жолдун курулуш иштеринен облус башчысы Алишер Абдрахманов кабар алды", - деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде облус боюнча жалпы 18 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, бүгүнкү күндө 14 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Бул ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо жумуштарын аткаруу үчүн жыл башынан бери 70 миллион 200 миң сом акча жумшалган.
"Бул жумуштар аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктурасын чыңдоо максатында Кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган, жыл сайын райондун жана шаарлардын борборлорунда үч чакырымдан аз эмес ички жолдорду асфальттоо боюнча кабыл алынган иш-чаранын алкагында жасалууда.
Азыркы күндө курулушу жана реконструкция жумуштары аяктаган жолдор Баткен шаарынын Курманжан Датка, Эргеш Калыков көчөлөрү, Кызыл-Кыя шаарынын Маековская, Масалиев көчөлөрү, Баткен районунда Сапарова, Сох-Газ, Сох-Кан автожолу, Исфана шаарында Манас-Ата, Жаны-Абад жолдору, Айдаркен шаарында Кыргызстан, Асаева көчөлөрү, Сүлүктү шаарында Бакыбек, Кулматов атындагы көчөлөрү, Лейлек районунда Самат-Замборуч-Жаркыштак, Исфана-Андарак-Көк-Таш, Исфана-Гордой-Кекре жолдору, Кадамжай районунда Металлург-Северная, Кыргыз-Кыштак айылында жана Халмион-Таш-Дөбө жолдору", - деп айтылат маалыматта.



1 |