Павел Николаевич Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби карантин шартында кандай иштеп жатат? (фоторепортаж)











Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарындагы Павел Николаевич Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби карантин шартында кандай иштеп жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс–тур өткөрүлдү.
Анда карантин шартында музыкалык мектепте окуп жаткан окуучулардын билим алуусу, мугалимдердин сабак берүү тартиби жана мектепте түзүлгөн шарттар толугу менен көрсөтүлдү.
“Бүгүнкү күндө бардык эле ата-энелердин музыкалык мектепте билим алуусу үчүн инструмент сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Мындан улам кесиптик билим берүү, жеке сабактарды өткөрүү мектептин аймагында окутууга өттүк. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, - деп билдирди мектептин директору Гүлзинат Суранчиева.
Бүгүнкү күндө музыкалык мектептерде теориялык сабактар онлайн форматта, ал эми мугалим менен окуучунун ортосундагы түздөн-түз байланышып окуу жана инструментте ойноп үйрөнүү маанилүү экендигин эске алуу менен жеке жана практикалык сабактар реалдуу режимде жүрүп жатат.
Эске салсак, учурда республика боюнча музыкалык мектептер 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып штаттык режимде бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритми жана коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо менен иш алып барууда.
Өлкө боюнча жалпысынан музыкалык, искусство жана көркөм өнөр мектептеринин саны 88ди түзөт.
