super.kg logo

Бишкек мэриясы пандемия учурунда кызмат көрсөткөн айдоочуларга ыраазычылык билдирди

 

Бишкек мэриясы пандемия учурунда кызмат көрсөткөн айдоочуларга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пандемия учурунда «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын айдоочулары укук коргоо органдары, дарыгерлер жана эпидемиологдор, куткаруучулар жана аскер кызматкерлери менен биргеликте элибизге кызмат көрсөтүшкөн.

"Биз шаардык милициянын жеке курамын, дарыгерлерди жана «Манас» аэропортунан чет өлкөлөрдөн келген мекендештерибизди транспорт менен камсыздадык. Кыйын кырдаалда эч нерсеге карабастан жардам көрсөткөн №2, №3 автоколоннанын 44 айдоочусуна ыраазычылык билдиребиз.
Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо жана жардам көрсөткөн ар бириңиздерге чын дилден ыраазычылык билдирет! Сиздерге чоң рахмат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.09.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пандемия убагында иштеген волонтерлордун штрафтарын да кечирип койсонор сонун болмок да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: