super.kg logo

Швейцария Өзбекстанга Гүлнора Каримованын сакталган каражатын кайтарып берет

 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримованын Швейцариядагы банктык эсептеринде калган каражаттардын эсебинен 131 миллион долларды Швейцария өзбек тарапка кайтарып берүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Каримова Өзбекстанда акча уурдоо жана пара талап кылуу айыптары менен соттолгон. 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы 800 миллион швейцариялык франкка жакын активдерин тоңдурган.
Бул сумманын болжол менен 131 миллион доллары 2019-жылы конфискацияланган.

Ташкент шаардык кылмыш соту 2020-жылдын март айында кылмыштуу коомду түзүү, опузалоо жана уурдоо боюнча жаңы кылмыш ишинин алкагында, Каримованын абак мөөнөтүн 13 жыл 4 айга узарткан.
Гүлнора Каримова былтыр мартта үй камагынын эрежелерин бузгандыгы үчүн Ташкент облусундагы түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. 2015-жылы ага күчтөп акча өндүрүү жана салык төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Каримова 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган. 2020-жылдын февраль айында ал кылмыш ишин куугунтуктоону токтотуу үчүн мамлекетке 686 миллион доллар берүүгө даяр экендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.09.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзбектердин жомогу.
15.09.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок эмес бул мыйзам иштеп жатат
15.09.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульнара Каримова убагында атасына да каршы чыккан атасы Гульнараны Озбекстандан чыгууга каттуу богот койгон тонолгон уурдалган акчаларды кайтарткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: