super.kg logo

"Техниканын жетишкендиги". АКШда дары-дармекти бейтапка африкалык дрондор жеткирип баштайт

 

АКШдагы Бентонвилл шаары дары-дармектерди жана ден соолукка тиешелүү товарларды жеткирүү үчүн учкучу жок каражаттардын пилоттук аянтына айланат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Бентонвилл калаасы долбоор үчүн бекеринен тандалган эмес. Шаарда "Walmart" соода тармагынын штаб-квартирасы жайгашкан. Америкалык "Zipline" компаниясы Африкада жакшы таанымал, себеби ал жакта компаниянын дрондору госпиталдарга жана ооруканаларга тоңдурулган плазмаларды жеткирет. Бирок АКШнын аймагында анын ишмердүүлүгүнө мыйзам менен чектөө коюлган. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Федералдык жарандык авиация башкармалыгы чектөөнү жеңилдеткен", - деп айтылат маалыматта.

Атайын дрондор дарыларга буюртма кабыл алынгандан тарта бир саат аралыгында айтылган дарегине жеткирет. Систем аталган буюм сатылган дүкөндүн 80 чакырым радиусунда иштейт.

"Zipline" бул долбоор АКШда дрондорду жана учкучсуз аппараттарды коммерциялык негизде колдонуу үчүн маанилүү кадам болот деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: