super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө илдетти жуктуруп алгандардын саны 29 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 15-сентябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 29 миллион 179 миң 130га жетти. Анын ичинен 19 миллион 763 миң 286 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 926 миң 923 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 558 миң 1 адамдан коронавирус аныкталды. 194 миң 467 адам каза болсо, 2 миллион 474 миң 570 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 846 миң 427 адамдан аныкталды. 79 миң 722 адам каза болсо, 3 миллион 780 миң 107 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 345 миң 610 адам вируска кабылган. 132 миң 6 бейтап көз жумса, 3 миллион 770 миң 138 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: