super.kg logo

Сокулук районунда автоунаа уурдоого шектелип кармалган жарандын мурда да мындай иш менен алектенгендиги аныкталды

 

Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында унаа уурдап кеткен жаран кармалганын Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Ак-Жол айылындагы унаа жуучу жайдан белгисиз адам Мерседес-Бенц унаасын уурдап кеткендиги тууралуу А.у.С.арыз менен кайрылган. Териштирүү-издөө иштеринде кылмышка шектелип кармалган  22 жаштагы Т.у.С. мурун дагы август айында Хонда үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткени аныкталган. Учурда кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш кодексинин 172-беренеси (мыйзамсыз унааны ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: