super.kg logo

БШК үгүт учурунда гимнди ырдоого уруксат берди

 

БШК үгүт учурунда Кыргыз Республикасынын гимнин жана партиялардын гимндерин ырдоого уруксат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, БШКнын отурумунда комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү гимн ырдаса болот деген чечим кабыл алышты жана бул концерт деп эсептелбейт. Бирок гимнди аткарууга эстрада ырчыларына эмес, депутаттыкка талапкерлерге гана уруксат берет.

Учурдагы шайлоо мыйзамдарында концерттерге тыюу салынган. Бирок шайлоочулар менен жолугушуу учурунда партиялар Кыргыз өлкөсүнүн гимнин, ошондой эле өз партияларынын гимндерин ырдашат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда. Үгүт иштери 3-октябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: