super.kg logo

"Forbes'тин" версиясы боюнча эң көп акы төлөнгөн футболчу аныкталды

 

"Forbes" журналынын версиясы боюнча 2020-жылдын эң көп акы төлөнгөн футболчу болуп Лионель Месси табылды. Бул тууралуу аталган басылмага таянуу менен дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Барселона" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси 2020-жылдагы эң көп акы төлөнгөн футболчулардын сап башынан орун алды. Футболчунун 2020-жылдагы кирешеси 126 миллион доллар деп бааланган. Мессинин тапкан кирешесинин ичинен 92 миллион долларды испаниялык клубдан тапса, 34 миллион доллар жарнамалык келишимдин негизинде түшкөн.

Тизмеде экинчиликке "Ювентус" командасынын футболчусу Криштиану Роналду жайгашкан. Анын жылдык кирешеси 117 миллион долларды түздү. 70 миллион доллары клубдан алган маянасы болсо, ал эми 47 миллион доллар жарнамадан түшкөн.

Үчүнчүдө "ПСЖ" командасынын чабуулчусу Неймар орун алды. Анын 2020-жылдагы кирешеси 96 миллион долларды түздү.

Мындан сырткары "Forbes" басылмасынын версиясы боюнча эң көп акы төлөнгөн футболчулардын ТОП-10го Мохамед Салах, Поль Погба, Антуан Гризманн, Гарет Бэйл, Роберт Левандовский жана Давид де Хеа кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: