super.kg logo

Шайлоо-2020: КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар өлкөдөгү шайлоого мониторинг жасоого киришти

 

Борбордук шайлоо комиссиясында КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын миссиясы менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жолугушууга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты. Тараптар 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты.

КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар алардын миссиясынын негизги максаты – боло турган шайлоонун улуттук мыйзамдарга шайкеш келишин жана эркин, демократиялуу шайлоо өтүшүнө байкоо жүргүзүү экендигин билдиришти. Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге ылайык жана шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча жалпы таанылган эл аралык принциптер менен эл аралык укуктун негизинде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 14-сентябрынан тарта миссиянын штабы шайлоого мониторинг жасоого киришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: