АКШда 73 жаштагы чоң эне небересин куюндан сактап каза болду
АКШнын Индиана штатында болгон катуу куюндан 73 жаштагы Изабел Атенсио аттуу аял 4 жаштагы небересин сактайм деп жатып өзү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, катуу бороон учурунда Изабел Атенсио небереси Чейз менен үйүндө болгон. Үйү куюнга туруштук бере албай кулап түшкөн. Куткаруучулар чоң энеси небересин кучактап отурган бойдон каза болгон жеринен табышкан. Ал эми маркумдун небереси тирүү калган.
Кырсыктан кийин Изабел Атенсионун жакындары эскерүү иш-чарасын уюштурушкан. Ал эми Өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери маркумга Баатырдыгы үчүн атайын сертификат ыйгарышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.