super.kg logo

Пандемия шартында иштеген медкызматкерлерге берилген кошумча төлөмдөр тууралуу маалымат

 

Пандемия шартында ишке тартылган медкызматкерлерге төлөнгөн кошумча каражат боюнча республикалык штаб маалымат таратты. Ага ылайык:

* Март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 6 миң 438 медициналык кызматкерге 37 миллион 700 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди;

* Апрель айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 10 миң 94 медициналык кызматкерге 111 миллион 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди;

* Май айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 9 миң 154 медициналык кызматкерге 110 миллион 800 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди;

* Июнь айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 9 миң 252 медициналык кызматкерге 119 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди;

* Июль айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 21 миң 910 медициналык кызматкерге 444 миллион 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди;

* Август айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 17 миң 10 медициналык кызматкерге 287 миллион 600 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.

Карантиндик-казармалык тартипте иштеген медициналык кызматкерлер үчүн бекитилген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:

* кошумча күнүмдүк төлөмдөрдү эске алуу менен дарыгерлер иштеген 1 күнү үчүн – 3000 сом. Анда 22 иш күнүнө жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 72 миң 300 сомду түзөт;

* орто медперсоналга – 2500 сом. Мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 61 миң 300 сомду түзөт;

* кенже жана техникалык персоналга – 2200 сом. Мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 54 миң 700 сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: