Баткендеги чек араны кантип чечесиңер? Ибрагим Жунусов, Улукбек Кочкоров, Темирбек Асанбековдон жооп
"ЭлТР" телеканалында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан партиялардын талапкерлеринин дебаты өттү. Дебатка "Мекен Ынтымагы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" саясий партияларынан депутаттыкка талапкерлер катышты.
Дебатта журналисттер интернет аркылуу берилген жарандардын суроолорун узатышты. Анда колдонуучулар талапкерлерге "Баткендеги чек араны чечүүгө кандай пландарыңар бар" деген суроону узатышкан.
Темирбек Асанбековдон жооп: "30 жылдан бери өкмөт чече албаган маселени биз кошуна өлкөлөргө жол картасын сунуштап, анан чечебиз".
Ибрагим Жунусовдон жооп: "Баткендеги чек араны чечүү үчүн биринчи ошол айылдагы жарандар менен сүйлөшүп гана чечишибиз керек. Башка варианттар менен чечүүгө болбойт".
Улукбек Кочкоровдон жооп: "Биз эки тарап тең макул боло турган стратегияны иштеп чыгышыбыз керек. Ошондо гана бул маселе чечилмекчи".




1 |