Сузак районунда өрттүн кесепетинен сарай толугу менен күйүп кетти



Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өрттөн сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Жалал-Абад облусунда кечээ, 14-сентябрь күнү саат 11:47 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Доскана айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 132 чарчы метр чатыры жана 1 миң 800 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.