super.kg logo

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту

 

Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси, премьер-министрдин орун басары Мехриддин Хайриддиновдун ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жолугушууларды өткөрүштү.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кыргыз делегациясынан өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече жер тилкени, ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: