Түштүк Кореяда пилотсуз учактардын бир нече түрүн иштеп чыгуу пландалууда
Түштүк Кореяда согуш талаасында жоокерлердин ордун баса турган дрондор чыгарылат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын коргоо агенттигинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Ар кандай тапшырмаларды аткаруу үчүн пилотсуз учактардын бир нече түрүн түзүү пландалууда. Ошондой эле иштеп чыгуучулар учкучсуз учуучу аппараттарга жана гранатомётторду орнотууга аракет кылышууда. Тийиштүү технологияларды 2022-жылга чейин түзүү пландаштырылып жатат. Жакынкы төрт жылда "курал-жарак аянтчасын түзүү" иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды өнүктүрүүгө республика 10 жыл ичинде 2 миллиард 300 миллион доллар
инвестиция салмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.