super.kg logo

Кара-Кечеде 2 миллион метр куб жер көчкөн. Ал жакка айланма жол курулат

 

Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр казуу кенинде тоонун көчүшү токтой элек. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жер көчкүнүн көлөмү 2 миллион метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калганы айтылат.

"Кара-Кечеге болжолдуу узундугу 3,5 чакырым болгон айланма жол курулат. Аны куруу үчүн Ат-Башы, Талас жана Ысык-Көлдөн атайын техника тартылууда. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасына ылайык, жерине транспорт министринин, өзгөчө кырдаалдар министринин, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчилеринин орун басарлары чыгып кетишкен. Алар келтирилген зыяндын өлчөмүн, айланма жолдун ордун аныкташат. Алдын ала маалымат боюнча, жер көчкүнүн көлөмү 2 миллион метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калган. Учурда жер көчкүнүн жылышы токтой элек", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Кара-Кечеге Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери барып, жабылып калган Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалган. Тоо көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: