Уникалдуу петроглифтерди жок кылууга күнөөлүүлөр жоопко тартылат
Ош облусунун Кара-Суу районунун Көк-Көл аймагында табылган Көл жана Мурдаштын-Башы археологиялык эстеликтерин бузуу фактысы боюнча күнөөлүүлөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана
туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу менен Алай аймактарынын ортосунда табылган көмүр кенинин аймагында чарбалык жана жол иштерин жүргүзүүгө бир дагы компания жергиликтүү башкаруу органдарынан уруксат сураган эмес.
"Кандай гана аймак болбосун ал жерде маданий мурастар объектилери болсо, жер ландшафтын бузуу, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн алгач изилдөө иштерин жүргүзүп, андан кийин гана иш башташ керек болчу. Буга байланыштуу Маданият министрлигине эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес, ошол себептүү тез арада курулуш иштерин токтотуу жана бул иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан мекемелерге атайын чара көрүү тууралуу расмий түрдө чечим кабыл алынды", - деп билдирди Айнура Асанбаева.
Ал эми археологдор келтирилген зыянды аныктоо жана тарыхый-маданий мурас объектилерин жок кылуу боюнча акт даярдоо үчүн аймакка жөнөтүлдү. Ошондой эле күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн укук коргоо органдары иш алып барарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин Түркиядан келген фотограф Зафер Динжер Алай районунда көмүр казуу максатында петроглифтер жок кылынып жаткандыгын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.


1 |