Эртеңден тарта Дыйкан-Кара-Кече жолун тазалоо үчүн атайын техникалар өз ишин баштайт
Эртеңден тарта Дыйкан-Кара-Кече жолун тазалоо үчүн атайын техникалар өз ишин баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы абалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакта жүрөт. Анда жолду ачуу маселелери талкууланды. "Учурда көмүр ташуучу унаалар Соң-Көл тараптагы жол аркылуу жүрүп жатат. Азыркы тапта министр Аскаров унаа жолдун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешкен аймакта жүрөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Кара-Кечеге Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери барып, жабылып калган Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалган. Тоо көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес.
