super.kg logo

Тажикстандын 3 миңге жакын жашоочусуна бет кап тагынбаганы үчүн айып пул салынды

 

Тажикстанда 2 миң 600дөн ашуун адамга санитардык-гигиеналык нормаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өкмөт мындай талаптарды коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн киргизген.

Ал эми Тажикстандын Ички иштер министрлиги айып пул салынгандардын көпчүлүгү коомдук транспортто, базарларда жана дүкөндөрдө бет капсыз жүргөн адамдар экендигин билдирди.

"Бет каптын жоктугу үчүн 116 сомониден 290 сомониге чейин айып пул салынат (болжол менен 11-29 доллар). Ал эми кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышына себепкер болгондор үчүн 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза, эгерде мыйзам бузуу кайталанса 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус инфекциясы ушул жылдын 30-апрелинде биринчи жолу катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган акыркы расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө коронавирустан 72 киши каза болгон. 30-апрелден 14-сентябрга чейин өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 9 миң 14кө жетип, алардын ичинен 7 миң 816 адам айыгып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: