super.kg logo

Караколдо 26 жаштагы келин алтын сөйкө уурдаганга шектелип кармалды

 

Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алтын сөйкө уурдаганга шектелип аял кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кызматынан билдиришти.

14-сентябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кайрылган. Арызда болжол менен саат 17:00дө белгисиз адамдар «Бугу» базарында жайгашкан зергер дүкөнүнөн баасы 16 миң 800 сомду түзгөн алтын сөйкөлөрдү уурдап кетишкен. Аталган кабар боюнча криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, изин суутпай, кылмышка шектүү катары аял кишини кармашкан.

Шектүү Түп районунун Көөчү айылынын 26 жаштагы тургуну Б.А. аттуу тургуну болгон. Жаш келинден далил зат катары уурдалган сөйкөлөр алынган. Аталган факт Каракол ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда шектүү адамдын ушул өӊдүү кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: