Чыгармачылыгын Түркияда улантып жаткан ырчы Саниа 7 миң долларга клип тарттырды



Түркиянын Стамбул шаарында жашап, окуп жүргөн ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Саниа түрк тилинде аткарган чыгармасына клип тарттырды. Мындан тышкары менеджерлик боюнча билим алуусун улантып жатат.
"Sen aşk mısın?!" аталышындагы чыгарманы түркчө аткарып чыктым. Ырга клип тарттырдык, бир аптадан кийин көрөрмандарга тартуулайбыз. Клипти тартууга 7 миң доллар каражат сарпталды. Бул жакта ыр жаздыруу, клип тарттыруу кыйын экен.
Мындан тышкары менчик окуу жайлардын биринде менеджер адистиги боюнча билим алып жатам. Сынактан эң жакшы деген баа алып, контракт 50 пайызга кыскарды. Дагы бир жыл окуйм", - дейт ал.
Буга чейин Саниа чыгармачылыгын Түркияда уланта турганын, өзүн тасма талаасында сынап жатканын айткан. Ырчынын чыгармачылыгына "Pastel menejerlik stüdyo" аттуу түркиялык студия менеджерлик кылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
sultan_bek

16.09.2020. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азаматсын. Керемет, жылдыздуу кыз экенсин. Дайыма ушундай жаркырап, чачынарды кое берип, жасанып, жакшынакай болуп журо бергиле кыздар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.