super.kg logo

“Сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың”. Баткенде агасынын өлүмүнө шектелип иниси кармалды

 

Баткенде бир тууган агасынын өлүмүнө шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

12-сентябрь күнү Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен улам каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин аныкташкан.

"Териштирүүдө маркум бир тууган иниси тарабынан жаракат алып, каза болгондугу аныкталган. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашагандыктан анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу ур-тепкиге алып, муунтуп салган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.09.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо жон эле жашаса болбойбу
16.09.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне болуптур апасы менен жашаса, 81 жаштагы апасын карап жашаса жашайт да бала чакасы менен. Уйдон чык менин уйум деген окшойт, уйдун кичуусумун деп.
16.09.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чогу жашайтда анан эмне 81 жашка чыктың деп көчөгө чыгарып койуш керек беле. Кызык эле болуп баратабыз өзү уй бүлө бир тууганга болгон сый урмат сүйүү жок болуп баратат көпчүлүк адамдарда
17.09.2020. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында жеткизгенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: