Социалдык фонддун төрагасы социалдык тармактарда талкууланып жаткан пенсиянын 397 сомго көбөйөт дегени боюнча түшүндүрмө берди
Бүгүн, 16-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсия көлөмүнүн суммасын жогорулатуу боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда жыл сайын жүрүп туруучу пенсия өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу маалымат берилди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы төрагага төмөндөгүдөй суроо узатты: "Учурда коом арасында пенсия 1-октябрдан баштап 397 сомго жогорулайт деген маалымат талкууланып жатат. Бул сумма аз дегендер көп болууда. Пенсия кайсы критерийлерди эске алуу менен көтөрүлөт. Кошулган сумманын өлчөмү кантип аныкталат? Мүмкүн болушунча жалпак тил менен түшүндүрүп бересизби?".
"Пенсия үч бөлүктөн турат: базалык бөлүк, камсыздандыруу бөлүгү жана топтомо компоненти.
Ушул үчөөнү кошкондон кийин пенсиянын өлчөмү чыгат. Биз жашоо минимумунан аз пенсия алган жана андан жогору алган пенсионерлер деп туруп, индекстөөнү ошого жараша жүргүзөбүз. Пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинин суммасы Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилет. Учурдагы пенсионерлердин жашоо минимумунун суммасы 4 миң 286 сомду түзөт. Азыркы индекстөөнүн көлөмү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акынын өсүшү, керектелүүчү баалардын өсүшүнө жараша коюлуп жатат. Ошентип индекстөө орто пайыз менен 107-105 пайызга чейин чыгууда.
Жашоо минимумунан ылдый алган пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүнө 100 сом, камсыздандыруу бөлүгүнө 200 сомдон кем эмес каражат кошулуп жатат. Эгер пенсияны, анын коэффицентине жараша көтөрүүнү чечсек анда, ага 40 сомдон 180 сомго чейин каражат гана кошулуп калмак. Ошол себептүү биз төмөн пенсиянын базалык бөлүгүнө республикалык бюджеттен 100 сом, камсыздандыруу бөлүгүнө социалдык фонддон каражат бөлүп, 200 сом бөлүнүп жатат. Демек 4 миң 286 сомдон ылдый алган пенсионерлерге 300 сомдон кем эмес каражат кошулат. Ал эми 4 миң 286 сомдон өйдө алган пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүнө акча кошулган жок. Бирок алардын камсыздандыруу бөлүктөрүн 0,5 эмес 0,7 пайызга көбөйттүк. Ошону менен алардын пенсиясы 360 сомдон кем эмес болуп көбөйөт. Жалпысынан пенсия 300 сомдон 1 миң 900 сомго чейин көтөрүлөт", - деп жооп берди Медер Ирсалиев.
