super.kg logo

"Oracle" корпорациясы TikTok АКШ сегментин сатып алышы мүмкүн

 

TikTok социалдык тиркемесине ээлик кылган кытайлык "ByteDance" компаниясы аны "Oracle" корпорациясынын АКШ сегментине сатышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ыйлайык, АКШ бийлиги бул келишим боюнча өтүнүч келип түшкөнүн тастыктады. Ага Вашингтондо дагы, Бээжинде дагы "жашыл жарык" күйүп турушу керек. Июль айынын аягында АКШ президенти Дональд Трамп эгер америкалык сегмент америкалык компанияга сатылбаса, анда TikTok'ту АКШда тыюу салабыз деп коркуткан. Бул боюнча Майкрософт компаниясы менен сүйлөшүүлөр оңунан чыккан жок. Мындан тышкары "ByteDance" колдонмонун алгоритмдерин сатпай тургандыгын билдирди. Президенттик "ультиматумдун" мөөнөтү шейшембиде аяктайт.

Белгилей кетсек, АКШ бийлиги TikTok'ту маалыматтарды мыйзамсыз чогулткан жана аны Кытайдын атайын кызматтарына өткөрүп берген деп айыптоодо. Эки жыл мурун кытайлык компания ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек колдонуучулардан маалымат чогулткандыгы үчүн айып пулга жыгылган. Өткөн жылдын аягында бул тиркемени америкалык аскерлерге колдонууга тыюу салынган. Ал эми ушул жылы TikTok Индияда тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: