"Сейил бакка, веложолго, аллея, көчөлөргө түшүнгөн жокмун". Илья Варламов 1 сааттык көрсөтүүсүндө Бишкекти катуу сындады (видео)

Видеодо Варламов Бишкек шаарындагы бир топ кемчиликтерди айткан.
Берүү борбор калаанын көптөгөн жагдайларын сындоо менен башталган.
Мындан тышкары ал 1 сааттык берүүсүндө Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короолорун, сейил бактарды жана айдоочулардын бири-бирине жасаган мамилесин бир топ сындаган. Ошол эле учурда "Ош базарында" түркүн-дүйүм жашылча-жемиш, мөмөлөр, кургатылган мөмөлөргө кызыгуу арткан. Бишкектин элин өтө меймандос, ак көңүл деп сыпаттап: "Жаман шартта жашаган жакшы адамдар" деген. Муну менен катар эле мэрияны шаардын курулушундагы бир катар кемчиликтерди жоюуга чакырган.
Буга чейин Илья Варламовдун Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган.

Заправка негизи эле шаардын чыга беришинде,же болбосо элден алысырак жерге салыныш керек эле!