Өлкө башчы Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады
Президент Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады.
«Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, достук мамиле көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Япония мамлекетине терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өзгөчө деңгээли мени кубандырат. Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп абдан ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Сугага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.