ӨКМ: "Жал кичи районундагы өрт чыккан үйдүн 400 чарчы метр аянты күйгөн"
Кечээ, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 16-сентябрь күнү саат 22:23 чамасында Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №3/3/4 дарегинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок. Өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, саат 00:13тө толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттүн кесепетинен имараттын 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.