Кыргыз өлкөсүнөн Казакстан, Орусияга кеткен товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор башталды
Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына, Орусия Федерациясына жана тескери багыт боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
Пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт. Ушул мезгилде Кыргыз Республикасынан Казакстанга жана Орусияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү (самоход) товарлардан тышкары, унаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. 7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Ошол эле учурда өткөрмө пункттарында "Барыс" жана башка атайын бөлүнгөн жерлерде, пилоттук долбоордун жүрүшүндө жүк ташуучу автотранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
