super.kg logo

"Ушул шайлоо таза өтөбү?" Депутаттыкка аттанган жаш талапкерлердин жообу

 

16-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Социал-демократтар", "Мекенчил", "Ыйман-Нуру", "Республика" жана "Ордо" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.

Анда дебаттын катышуучулары бири-бирине суроо узатты.

Темирлан Султанбековдон "Мекенчил" партиясына суроо: "Чек ара маселеси кайсы эл аралык мыйзамдын алкагында чечилет?".

Жооп: "Чек ара - бул өтө кооптуу. "Социал-Демократтар" бийликте турганда чечилбегендиктен апта сайын чыр болуп жатат. 30 жылдан бери бул маселе чечилбей, канчалаган мекендештерибиз жаракат алды, канчалаган жерлерибиз кетти. Биз чечкиндүү кадамга, сантиметр жер үчүн күрөшкө барабыз. Союз учурундагы карталарды алып келип тактайбыз".

Темирлан Султанбековдон "Республика" партиясына суроо: "Эгер шайлоодон өтпөй калсаңар өлкөдөн качып кетпейсиңерби?".

Жооп: "Менин өзүмдүн жумушум бар. Кээ бир партиялар ууруларды топтоп, алдыга бара жатышат. Чындап эле шайлоо легитимдүү өтөбү дегенге алып барышы мүмкүн. Биз кандай программа менен бара жатканыбызды социалдык тармакка кирип окуп алыңыз. Сиз мага суроо бербей эле башыңыздагыны айтып алайын деп жатасыз. Мен принципке катуу турам. А эмнеге силер бийликте турганда ошол аткезчиликти жойгон эмессиңер?".

Кубанычбек Мурзакматовдон бардык талапкерлерге суроо: "Ушул шайлоо таза өтөбү?"

Жооп: Шумкарбек Адилбек уулу: "Албетте, биз таза шайлоого ишенебиз. Биз жүрөгү менен шайлаган таза шайлоочуларга ишенебиз. Тилекке каршы, ар кандай болуп жатат. Акчасын алып коюп жана башка ушул сыяктуу фактыларга, ал эми булардан сырткары шайлоого барбайм деген жарандарга кайрылып кетем, сиз антип күмөн болбоңуз. Сиз эң башкысы жүрөгүңүз менен тандаңыз".
Бактияр Калпаев: "Шайлоо боюнча айта кетсем, мурдагыдай шайлоо системи бизде жок, азыр электрондук шайлоо системи. Ошол иштебей калганы үчүн азыр үймө-үй кирип талапкерлер акча таратуу иштерин жүргүзүп жатат, бирок таза шайлоого бизде үмүтүбүз бар. Урматтуу элим, кайдыгер болбойлу, акчага сатылбайлы".
Темирлан Султанбеков: "Мен өтө деле ишенбейм, бирок үмүт бар".
Аяз Баетов: "Таза шайлоо болот деген үмүтүбүз бар. Биз элге ишенебиз".

Бактияр Калпаевден "Республика" партиясына суроо: "Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткендигинин эң негизги себебин айта кетсеңиз?".

Жооп: "Ачык эле айтып кетейинчи. Мен бул жерге жаш профессионалдар келип туруп, идеялар боюнча позицияларды сүйлөшөбүз деп ойлогом. Айланып келип ар бири өзүнүн лидерлерин актап, жактоочу болуп сүйлөшүп жатабыз да. Мен анын себептерин билбейм. Өзүнөн сурагыла".

Шумкарбек Адилбек уулунан "Социал-демократтар" партиясына суроо: "Биримдик" партиясы менен "Социал-демократтар" партиясынын эмне айырмачылыктары бар. Себеби бирдей демократиялык идеологияны колдоп жатасыздар?".

Жооп: "Социал-демократтардыкы көбүнчө экономикалык. Ал эми "Биримдик" партиясы эмне жөнүндө да айтып жатышканын билишпейт".

Аяз Баетовдон "Мекенчил" партиясына суроо: "Өлкөбүздүн башкаруу системин кандай көрө аласыздар?"

Жооп: "Башкаруу системин парламенттик же президенттик кылуу үчүн референдумга алып чыгабыз. Парламенттин депутаттарынын санын 120дан 75ке чейин, министрликтин санын 16дан 7 министрликке чейин кыскартабыз. Ал эми азыркы партиялык системди жокко чыгарып, элдер талапкерге түз добуш бергендей кылышыбыз керек. Биз бир мандаттуу шайлоо системин алып келебиз".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: