"Кайрымдуулукка берилген 40 миң сом". Атыр Абдрахматова дагы бир талапкердин жоопкерчилигин кароону сунуштайт
"Биримдик" партиясынан талапкер айыл тургунуна 40 миң сом өлчөмүндө дарыланууга акча берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирип, буга карата оюн айтты.
"Борбордук шайлоо кимиссиясынын мүчөлөрүнө, мага биздин өлкөнүн ар кайсы бурчунан ар кандай мыйзам бузуулар же консултативдүү суроолор менен кайрылышат. Анан кайсы бир саясий партиялардын иш-аракеттери тууралуу дагы айтып, канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин сурап турушат. Ошондой маалыматтын бири "Биримдик" саясий партиясынан депутатыкка талапкер айым 40 миң сомду кайрымдуулук катары жаранга акча берип жаткандыгы тартылган видеону жөнөтүшкөн экен.
Мага түшкөн арыздардын бардыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын астындагы ыкчам чара көрүүчү жумушчу топко жөнөтөм. Ал жумушчу топко өзүм дагы кирем. Бул маалымат ошо эле күнү укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Азыркы учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Шайлоо маалында шайлоо мыйзамдарынын 28-беренесинде шайлоо күнү белгиленгенден баштап шайлоонун жалпы жыйынтыгы жарыяланганга чейин талапкерлер, жакын туугандары, саясий партиянын өкүлдөрү, мүчөлөрү кайрымдуулук иштерин жүргүзө албайт деп так жазылып турат. Бул добуштарды сатып алуу катары эсептелет. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал талапкерди "Биримдик" саясий партиясынын талапкерлик каттоосунан жокко чыгарышы керек. Экинчиден, укук коргоо органдары жаза кодексинин алкагында жоопко тартышы керек", - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова.
"Биримдик" партиясынан талапкер айыл тургунуна 40 миң сом өлчөмүндө дарыланууга акча берген
