Япониядагы сейил бактардын бирине айнектен даараткана курулду
Японияда дубалдары айнектен болгон коомдук дааратканалар иштей баштады. Мындай дааратканаларды орнотуу Токиодо өтө турган Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга байланыштуу деп жазышат батыш маалымат каражаттары.
Жаңы типтеги дааратканалар Токионун Сибуя районундагы Йойоги-Фукамачи сейил багына орнотулду, анда үч орун бар. Дааратканада бош орундардын бар же жок экенин, ичиндеги тазалыгын сыртынан эле көрсө болот. Кызыгы, адам даараткананын ичине киргенде анын дубалдары автоматтык түрдө тунук болбой калат.
Японияда коомдук дааратканалар акысыз иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Таңгала турган нерсе эмес биз деле жасап койсок болот